Казанда аял беш жаштагы уулун көңүлдөшүнүн планшетин алганы үчүн аёосуз сабаган — видео

Казанда аял беш жаштагы уулун көңүлдөшүнүн планшетин алганы үчүн аёосуз сабаган — видео

Казанда баласын сабаган аялдын видеосу интернет тармагында жайылып, кызуу талкуу жаратууда. Бул тууралуу «Комсомольская правда» басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, кээ бир интернет колдонуучулар аялдын кылганын туура эмес десе, кээ бирилери баласы ошого жеткизди деген эки ача пикирлерди калтырышууда.

Видео Казандагы көп кабатту үйлөрдүн бириндеги  видеобайкоого түшүп калган. Анда аял  баласын чаап, чачынан жулуп, жерге түртүп, аёсуз сабаган.

Аялдын өздүгү такталып, ал 33 жаштагы Чистополь шаарында сулуулук салондо иштейт. Казаньга ал өзүнүн чогу жашаган көңүлдөшүнө келген. Баласы сентябрь айында 5 жашка чыгат, андан чоң дагы бир баласы бар.

Татарстан укук коргоо кызматы окуяны текшерүүгө алган.

«Энеси баласын чогу жашаган адамынын планшетин ойнобо дегенине карабай, уулу  коңшу подъездге планшетти катып койгондугу үчүн апасынан таяк жеген. Баласы планшетти катып койгон жерине алып барганда ал уулун ошол жерден токмоктогон.

Аялга карата “Жашы жете электерди тарбиялоо милдетин аткарган жок” деген берене менен тергөө иштери башталган, — жеп жазат басылма.

Учурда бала Казань облусунун №18-шаардык ооруканасында жатат. Өспүрүм жаткан ооруканага Татарстандын балдар иши боюнча омбудсмени Гузель Удачина келип, кабар алып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>