Кечинде Назарбаевдин кызынын соцтармактагы баракчалары жок болуп кетти

Кечинде Назарбаевдин кызынын соцтармактагы баракчалары жок болуп кетти

13-январь күнү кечинде Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаеванын Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүндөгү баракчалары жок болуп кетти.

Буга чейин Назарбаева ал баракчаларына кан төгүү менен аяктаган Казакстандагы жапырт нааразылыктар тууралуу алгачкы жолу пикирин жазган.

Назарбаеванын билдирүүсүнүн алдына колдонуучулардын көбү терс маанайдагы комментарийлерди калтырышкан.

13-январда Алия Назарбаева социалдык тармактарга кан төгүү менен коштолгон Казакстандагы акцияларга алгачкы жолу комментарий берген. Ал курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул окуялардан сабак алуу керектигин жазган. «Атасына аймактардын жашоочуларынан маалыматтар түшүп жатканын» кошумчалап, Элбашыга «көргөзүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын» билдирген.

Кийинчерээк Telegram’дагы Qumash каналы Алия Назарбаева Казакстандагы окуялар тууралуу билдирүүсү жарыяланган аккаунтуна Бириккен Араб Эмираттарынан киргенин кабарлады.

Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин өсүп кетишине байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Кийин ал башаламандык жана талап-тоноолор менен коштолду. Эң негизги тополоң Алматы шаарында болду.

Буга байланыштуу 6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев «террордук коркунучту жөнгө салуу» деген жүйө менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) жардам сураган. 6-январда Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түшсө, 7-январда уюмга кирген Армения, Беларус, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуу күчтөрү барган. Токаев 11-январда мажилисте сүйлөп жатып уюмдун аскерлеринин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айткан.

Казак президенти 10-январда ЖККУнун онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты «мамлекеттик төңкөрүш аракети» деп баалаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды «террорчулар» деп атаган.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган. Ага чейин акцияга чыккандар өздөрүн «террорчу» деп атоого каршылык билдирип, алар «жөн гана кымбатчылыкка жана башка нерселерге каршы нааразылыкка чыкканын» айтышкан.

Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза тапканын билдирип, бирок көп өтпөй аны «техникалык ката» деген негизде төгүндөгөн.

Акыркы маалыматтарга ылайык, тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңге жакындады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>