Келин ысык сууга күйүп калган 9 айлык уулун өлтүрүп алды

Келин ысык сууга күйүп калган 9 айлык уулун өлтүрүп алды

Окуя 4-августта Орусиянын Сибирцево айылында катталган. 27-жаштагы келин үй иштери менен алек болуп жүргөн, анын 9 айлык ымыркайы жанында ходунокто басып энесин карап турган.

Бир мезгилде энеси иштери менен бөлмөдөн чыгып кеткен, ал учурда ымыркай тумбада кайнап жаткан чайнекти туткасынан тартып алган. Кайнаган сууга ымыркай 2-даражадагы күйүк алган, денесинин 20 пайызы күйүп калган.

Бирок бул окуяда эң коркунучтуусу, аял баласын ооруканага алып келбей үй шартында дарылаган. Ал баласын эки суткадан кийин, 6-август түнү ооруканага алып келген. Бирок ымыркайда жашоо белгилери болгон эмес.

Кылмыш иши боюнча жетиштүү фактылар топтолуп, аялды Орусиянын Жаза кодексинин “Кокустан өлүм себеби менен өлтүрүп алуу” 1-беренеси менен кунөөлү деп таап, иш сотко өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>