Кеминде уйун куткарам деген 28 жаштагы жаран өзү сугат каналына түшүп кеткен (сүрөт)

Кеминде уйун куткарам деген 28 жаштагы жаран өзү сугат каналына түшүп кеткен (сүрөт)

Бүгүн, 5-июлда Чүй облусунун Кемин районунда уйун куткарам деп сугат каналына түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 100-чакырымында (Сасык-Булак айылы) сугат каналына 1991-жылы туулган эркек киши уйун каналдан чыгарам деп өзү түшүп кеткен. Жерине Кемин райондук №5 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылып, эркек кишини куткарып калышкан. Жабырлануучу Кемин районун ооруканасына жеткирилген. Учурда абалы канаттандырарлык.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>