Кеминде жол кырсыгынан 52 жаштагы адам көз жумду

 Кеминде жол кырсыгынан 52 жаштагы адам көз жумду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эки унаа кагышып, 1 адам каза болуп, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 2-февраль күнү саат 19:45 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 80-чакырымында Кемин районунун Чым-Коргон айылында болгон. Анда MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 52 жаштагы адам каза болуп, 51 жаштагы адам жаракат алган.

Окуя болгон жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жансыз денени чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал эми жабыркаган адам “Тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>