Кеминдеги өрттү өчүрүүгө 418 киши тартылды

Кеминдеги өрттү өчүрүүгө 418 киши тартылды
  1. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынан 93 кызматкер.
  2. Кемин райондук милициясынан 58 кызматкер.
  3. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен 80 кызматкер.
  4. Токой-чарба кызматынан 30.
  5. Жергиликтүү тургундардан 157.

20 кишилик чатыр тигилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүнө караштууу  Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан “Кыргыз Ала” тоосундагы “Көк-Жар Борду” коктуларындагы карагай, арчалары кечээтен бери өрттөнүп, токтобой жатат.

Кеминдеги кечээки өрт дагы деле өчө элек

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>