Өкмөт эки ишкана түздү. Алар эмне кызмат аткарат?

Өкмөт эки ишкана түздү. Алар эмне кызмат аткарат?

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдында “Укук” жана “Соцсервис” мамлекеттик ишканалары түзүлдү. Тийиштүү чечимге премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Бул чечим санариптик трансформация боюнча коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында кабыл алынды.

“Укук” мамлекеттик ишканасы сот, прокуратура, укук коргоо органдары, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш, миграция, коргонуу, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу, чек ара, радиациялык жана өрт коопсуздугу тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгып, алардын үзгүлтүксүз иштешин жана техникалык коштоосун камсыз кылат.

“Соцсервис” мамлекеттик ишканасы саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият, спорт, социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик жөлөкпул, жеңилдиктер жана пенсия тармагында иштеген мекемелер үчүн  маалыматтык системаларды иштеп чыгып, алардын үзгүлтүксүз иштешин жана техникалык колдоосун камсыз кылат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>