Кочкордо жол кырсыгынан эки киши каза болду

Кочкордо жол кырсыгынан эки киши каза болду

Кочкор районунда жол кырсыгынан эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) оор жүк ташуучу “ГАЗ-53” унаасы менен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасы сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен “Мерседес” унаасынын ичинде 1960-жылы туулган эркек жана 1964-жылы туулган аял киши унаага кыпчылып калган. ӨКМнин куткаруучулары аталган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Тилекке каршы, жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жетпей жолдо каза болушкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>