Кочкоров: Төрт-Гүл каналы боюнча Мариповдун сөзү калп болсо элден кечирим сурасын

Кочкоров: Төрт-Гүл каналы боюнча Мариповдун сөзү калп болсо элден кечирим сурасын

Төрт — Гүл каналынын Тажкстанга өтүп кетти деген маалыматты текшерип, ага жол берген атка минерлер жоопко тартылсын. Мындай ачык билдирүү менен «Жаңы доор» партиясынын лидери Улукбек Кочкоров кайрылуу жасады.

Ал өз билдирүүсүндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, мындай окуяга жол бергендерди жоопко тартууга керектигин айткан.

Эгерде жаңы премьер-министр Марипов бул тууралуу калп айткан болсо элден кечирим сурасын деп талап кылган.

«Кыргыз Республикасынын Премьер-министри У.А.Мариповго, Мамлекеттик чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын жетекчиси, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы К.К.Ташиевге.

Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычына келчү каналдын башаты (Головной) боюнча Улукбек Марипов сиздин сөзүңүз коомчулукту, өзгөчө Баткен элин дүрбөлөңгө салып койду. Өкмөттүн Баткен облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Головной боюнча билдирүүсү жергиликтүү элди канааттандырган жок. «Губернатор билбей калышы да мүмкүн, маселени Өкмөт өзү эле чечип койгондур» дешип, күмөн санашууда.

УЛУКБЕК АСАМИДИНОВИЧ,
КАМЧЫБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ!
Эгерде чын эле суунун башаты кошуналарга өтүп кеткендигин тастыктаган кандайдыр бир документтер бар болсо анда, буга жол берген тиешелүү жетекчилерди тез арада жоопкерчиликке тартыш керек жана башатты кайра кайтарып алуу боюнча ыкчам аракеттерди жасаш керек.
Эгерде айтылган сөз негизсиз, калп болсо анда, кошуна элдердин «чырагына май тамызган» сөзүңүз үчүн токтоосуз элге чыгып, кечирим сурашыңыз абзел.
Мындан сырткары, ар бир мамлекеттик кызматкерди чек ара маселесинде өтө этият болууга чакырам», — деп айтылат кайрылууда.


 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>