Кой-Таш окуясы: Курсан Асанов менен Равшан Жээнбеков атайын комиссияга маалымат беришти

Кой-Таш окуясы: Курсан Асанов менен Равшан Жээнбеков атайын комиссияга маалымат беришти

Бүгүн, 13-сентябрда 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана саясатчы Равшан Жээнбековдун маалыматын угушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Курсан Асанов менен Равшан Жээнбеков 7-8-августунда Кой-Таш айылында окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, Мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова да чакырылган. Бирок ал жеке себептерине байланыштуу келген жок.

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев.

Белгилей кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы катышуучу киргизилген, алар: коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>