Кой-Таш окуясы: Иликтөөчү мамкомиссия Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтын угат

Кой-Таш окуясы: Иликтөөчү мамкомиссия Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтын угат

Бүгүн, 2-октябрда 7-8-августта Чүйдүн Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын угат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин комиссия мүчөлөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев, президенттин иш башкармалыгынын экс-жетекчиси Турусбек Коёналиев, ички иштер министринин орун басарлары Памирбек Асанов менен Алмазбек Орозалиев, экс-депутат Равшан Жээнбековдун жана Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча маалыматтарын угушкан.

Иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.

Аталган комиссия окуя боюнча корутундусу 15-октябрда чыгат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>