Кой-Ташта Атамбаевдин жеке дарыгери сабалган видео жарыяланды

Кой-Ташта Атамбаевдин жеке дарыгери сабалган видео жарыяланды

Журналист Кундуз Ажибекова «Фейсбугуна» Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин жеке дарыгери сабалган видеону жарыялады.

Окуя Кой-Ташта 2019-жылдын 7-январында болгон.

«Видеодо «Альфа» атайын багыттагы аскерлер Кой-Ташта бейкүнөө жана жардамга муктаж болгон Алмазбек Атамбаевдин жеке дарыгерин сабашкан», — деп жазат Ажибекова.

Ал видеону ким тартканы белгисиз экенин, дарыгердин абалы тууралуу кабардар эмес экенин айтканын super.kg жазды.

«Бул окуя Кой-Таш окуясы учурунда болгон. Мага жеткен маалыматтар боюнча, алар Атамбаевди издеп, анын дарыгерин ушинтип сабашкан».

УКМК бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>