Кой-Таштагы окуяда жабыркаган Самат Курманкулов эсине келди

Кой-Таштагы окуяда жабыркаган Самат Курманкулов эсине келди

7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жабыркаган Чүй ОИИБнин башчысы Самат Курманкулов эсине келди. Ал бүгүн, 4-сентябрда жалпы палатага которулду. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Самат Курманкулов учурда бардык аракеттерге реакция кылып жатканы маалым болду.

«Курманкулов сүйлөй элек. Бирок бардык кыймыл-аракет, жаңсоолорго реакция кылып жатат. Ал азыр Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо дарыланып жатат. Ага бардык керектүү изилдөөлөр жана тиешелүү дарылоо жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Курманкуловду Москвага саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев коштоп барган.

Эскерте кетсек, 11-августта Москвадагы Бурденко атындагы борбордон келген нейрохирург жана реаниматологдор Курманкуловго кайрадан нейрохирургиялык операция жасоонун кереги жок деген чечим чыгарышып, аны Москвага алып кетишкен. Кыргызстанда Курманкуловдун башына эки жолу операция жасалса да абалы өзгөргөн эмес.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Самат Курманкуловдун башынана таш тийген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>