Колледждерге кабыл алуунун I турунда 22 миңден ашуун абитуриент өтүнмө тапшырды

Колледждерге кабыл алуунун I турунда 22 миңден ашуун абитуриент өтүнмө тапшырды

Колледждерге кабыл алуунун I турунда 22  070 абитуриенттен өтүнмө катталды. Бул тууралуу  билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Өтүнмө тапшыргандардын тизмеси 3-августтан баштап spuz.edu.gov.kg онлайн порталына жарыялана баштады. Эми колледждер абитуренттерге телефон аркылуу байланышат. Абитуриенттер 6-августка чейин окуй тургундыгын тастыкташы керек.

Окуу жайга өткөн студенттер документтердин түп нускаларын ЖОЖдорго окуу жылдын башында беришет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>