Конор Макгрегор «Манчестер Юнайтед» клубун сатып алууну көздөп жатат

Конор Макгрегор «Манчестер Юнайтед» клубун сатып алууну көздөп жатат

UFC уюмунун эки салмактагы экс-чемпиону Конор Макгрегор англиялык атактуу «Манчестер Юнайтед» клубун сатып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Мушкер мындай билдирүүнү коомчулукта «Манчестердин» америкалык ээси клубду сатууга ниеттенгени тууралуу маалыматтар чыккандан кийин жасаган.

«Баарыңа салам. Мен «Манчестер Юнайтед» клубун сатып алууну ойлонуштуруп жатам. Буга кандай пикир айтасыңар?», — деген мушкер.

Легендарлуу клубдун акциясына ээлик кылган Глейзерлердин үй-бүлөсү европалык Суперлига боюнча долбоор токтотулган соң клубду сатуу жагын караштырып жатканы тууралуу маалымат тараган.

Белгилей кетсек, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор бизнес жаатында да бир катар ийгиликтүү кадамдарды жасаган. Эки-үч жыл ичинде эле ал виски чыгарган өзүнүн менчик брендин түптөп, кеңири тааныткан. Айрым маалыматтар боюнча, брендин ири өлчөмдөгү каражатка саткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>