Конституциялык палата Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышын мыйзамдуу деп тапты

Конституциялык палата Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышын мыйзамдуу деп тапты

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Соттун Конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышын Баш мыйзамга каршы келбейт деп тапты.

Ишти кароо кечээ, 23-октябрда башталган. Ал күнү соттук коллегияга Атамбаевдин тарапташтары тарабынан бир өтүнүч, жооп берүүчү тарап — Жогорку Кеңештин аппаратынын өкүлдөрүнөн экинчи өтүнүч түшкөн. Конституциялык палата Атамбаевдин тарапташтарынын өтүнүчүн четке кагып, экинчи тараптын өтүнүчү менен соттук коллегиянын мүчөсү Эркинбек Мамыровду курамынан  чыгарган.

Атамбаевден экс-президент макамын алуунун мыйзамдуулугун  кароо боюнча Конституциялык палатага кайрылууну КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова, Анвар Артыковдор жөнөтүшкөн.

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>