Контейнер мектеп: Жаңы мектеп куруу үчүн атайын банктык эсеп ачылды

Контейнер мектеп: Жаңы мектеп куруу үчүн атайын банктык эсеп ачылды

Нарын облусунунКеңеш айылына жаңы мектеп куруу үчүн  атайын банктыкэсеп ачылды. Бул тууралуу Мырза Добутов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жаңы мектептин курулушуна акчалай жардам көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү реквизиттер аркылуу эсепке акчалай каражаттарды которушса болот.

Өздүк эсеп: 1242003500000519
ИНН: 7707083893

Белгилей кетсек, 2-сентябрь күнү Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерден жасалган мектептин салтанаттуу ачылышы  болгон. Ага Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Касымбек Мамытов баштаган 5 аткаминер катышкан.

Бул көрүнүш интернет колдонуучуларынын кызуу талкуусуна алынып жаткан учурда Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева кызматтан алынды.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү 6 контейнер мектепте 160 бала суук түшкөнгө чейин билим аларын айтып, суук түшкөндө башка имарат караштырыларын билдирген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>