“Коопсуз шаар – 2”: Тендерде кытайлык компания эң арзан бааны сунуштап, алдыга чыкты

“Коопсуз шаар – 2”: Тендерде кытайлык компания эң арзан бааны сунуштап, алдыга чыкты

Бүгүн, 23-августта “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерга катышып жаткан компаниялардын долбоорду ишке ашырууга сунуштаган баалары белгилүү болду.

Мамлекеттик сатып алуу порталындагы онлайн-аукциондун жыйынтыгы боюнча «Вега” концерни компаниясы 4 миллиард 802 миллион сом сунуштаган.  Кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы 2 миллиард 654 миллион сом, ал эми орусиялык «БИС» компаниясы 5 миллиард 67 миллион сом сунуштады.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Тимур Алхожоев сынактын расмий жыйынтыгы жакынкы күндөрү белгилүү болорун айтты.

«Сынак комиссиясы  катышкан компаниялардын документтерин иликтеп чыгып, жеңүүчүнү жакынкы күндөрү аныктайт. Так кайсы күнү экени азырынча белгизиз», — деди ал.

Электрондук аукциондун шарты боюнча, долбоорду ишке ашырууга эң төмөнкү сумманы сунуштаган компания жеңүүчү деп табылат.

Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабындагы долбоордун жалпы наркы 5 млрд. 791 миллион сомго бааланган. Утуп чыккан компания өлкө аймагы боюнча 306 фото жана видео байкочу аппараттык-программалык түйүн орнотот. Анын 266сы стационардык болсо 40 көчүп жүрүүчү комплекс болмокчу.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>