“Коопсуз шаар”:  Айып пулдун акчалары “Тез жардам” кызматына жумшалат

“Коопсуз шаар”:  Айып пулдун акчалары “Тез жардам” кызматына жумшалат

“Коопсуз шаар” долбоордун алкагында айып пулдардан түшкөн акча каражаттарынын бир бөлүгү “Тез жардам” кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Тийиштүү чечимге премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алсак, шашылыш жардам машинелерине болгон муктаждыктын саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу шашылыш медициналык жардам машинелерин сатып алуу маселесин чечүү мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе болуп саналат.

Документке ылайык, аталган долбоордо кызыкдар тараптардын бардыгына акчаларды бөлүштүрүлгөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50% Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, медициналык тез жардам машинелерин алууга, жаңы станцияларын ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>