“Коопсуз шаар”: Экинчи этапты ишке ашырууга талапкер 3 компания калды

“Коопсуз шаар”: Экинчи этапты ишке ашырууга талапкер 3 компания калды

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүүгө талапкер компаниялардын бири сынактан четтетилди. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Бириккен Араб Эмираттарынан келген “ALT Technology LLC” компаниясын тендердик комиссия, сынактын талаптарына жооп бере албайт деп сынактан четтеткен.

Эми сынактын шарты боюнча кийинки баскычка өткөн 3 компаниянын эң арзан баа сунуш кылганы жеңүүчү деп табылат.

Кийинки баскычка өткөн компаниялар:

  • “Маалымат системасынын коопсуздугу” компаниясы. (Орусия);
  • “Вега” концерни компаниясы. (Орусия);
  • “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы. (Кытай).

Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүтүндөй өлкөнү камтыйт. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети экинчи этапты ишке ашыруу үчүн 8-майда тендер жарыялаган. Конкурска катышуу боюнча берилген арыздар 27-июнда ачылган. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>