«Коопсуздук куру менен муунткан» «Тынчтык» конушунда белгисиз топ бир адамды тоноп, унаасын уурдап кетишкен — сүрөт

«Коопсуздук куру менен муунткан» «Тынчтык» конушунда белгисиз топ бир адамды тоноп, унаасын уурдап кетишкен — сүрөт

Бишкек шаарынын «Тынчтык» жаңы конушунда белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун унаасын уурдап, акчасын жана телефонун тартып алышкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, 19-ноябрь күнү саат 04.00дө тоноо жана унааны басып алуу болгон.

Бул факт Биринчи Май РИИБнин РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Биринчи май РИИБнин 5-бөлүмүнүн жана Бишкек ШИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип 1979-жылы туулган С.А. борбор калаанын аймагынан кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан ары иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандын шериктери аныкталды. Борбор калаанын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкер делгендердин изине түшүп, К.У. 1992-жылы туулган, О.Н. 1983-жылы туулган жарандарды кармашкан. Алар тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалгандардын кылмыштын башка фактыларына катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>