Координациялык кеңеш түзүлүп, Адахан Мадумаров жетекчи болуп шайланды

Координациялык кеңеш түзүлүп, Адахан Мадумаров жетекчи болуп шайланды

Координациялык кеңеш түзүлүп, Адахан Мадумаров жетекчи болуп шайланды. Бул тууралуу Мадумаров 6-октябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында мындай чечимди Координациялык кеңешке кирген сегиз саясий партиянын лидерлеринин кабыл алган. 

Ошондой эле Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, легитимдүү Элдик өкмөт куроосу зарыл деп билдирди.

Мындан сырткары  бийлик өкүлдөрү, президент менен жолугушуу болбогонун кошумчалады.

«Биз кечээ президентке жолугалы, бардык 16 партиянын жетекчилери менен чогуу жолугуп, сүйлөшөлү» деп сунуш кылганбыз. Бирок сунушубузду уккан жок. Бүгүн саат 11де мамлекет башчы менен жолугушуу болору тууралуу айтылып, кийин ал саат 9га жылды дешти. Натыйжада ал да болбой калды», — деди Мадумаров.

Координациялык кеңешке «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш», «Социал-демократтар партиясы», «Бир бол», «Ордо», «Республика», «Реформа» партиялары кирген.  

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>