Коронавируска каршы сайылган вакцинадан каза болду деген ТИМдин кызматкеринин өлүмүнүн себеби аныкталды

Коронавируска каршы сайылган вакцинадан каза болду деген ТИМдин кызматкеринин өлүмүнүн себеби аныкталды

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмүнүн себеби аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын өкүлү Айзада Кубатова кабарлаганын “Азаттык” жазды.

“Соттук медициналык экспертизанын иликтөөсү менен лабораториялык изилдөөдөн кийин Б.Ш. аттуу жарандын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгону аныкталды. Соттук медициналык экспертизанын өлүмдүн себеби тууралуу бүтүм чыгарууга ыйгарым укугу жок. Мындан улам Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жалпы соттук экспертиза жүргүзүү талап кылынат”, — деди Кубатова.

ТИМдин кызматкери, 39 жаштагы Бахтияр Шакиров 1-апрелге караган түнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарыларын көтөрүп барып, ийне сайдыргандан кийин каза тапкан.

Адеп анын өлүмүнө коронавируска каршы сайылган кытай вакцинасы себепкер болгону тууралуу айтылган. Бирок Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги бул кабарды төгүндөгөн. Мындан кийин Кытай элчилиги айрым жарандарды жана медиа өкүлдөрүн такталбаган маалымат таратуудан карманууга чакырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>