Коронавирустан 5 адам каза болуп, 307 адамдан илдет табылды

Коронавирустан 5 адам каза болуп, 307 адамдан илдет табылды

Кыргызстанда коронавирустан 5 адам каза болуп, 307 адамдан илдет табылды.
Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 5 адам каза тапты. Алардын экөө Бишкекте болсо, үчөө Ошто.

Ошондой эле соңку суткада 307 адамдан илдет аныкталган.

Алар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 53
Ош — 17
Чүй облусу – 16
Ош облусу — 69
Талас облусу – 7
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 12
Жалал-Абад облусу – 59
Баткен облусу — 71

Өлкөдө жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 48 924кө жетти.

Муну менен катар 130 адам коронавирустан сакайган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>