“Коррупция менен чексиз байыган” УКМК Абылгазиевдин иши боюнча түшүндүрмө берди – сүрөт

“Коррупция менен чексиз байыган” УКМК Абылгазиевдин иши боюнча түшүндүрмө берди – сүрөт

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мыйзамсыз баюу жана коррупцияга айыпталып кармалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев премьер-министр болуп турганда, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол койгон.Анын негизинде «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүнүп, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйгөн. Жалпы аянты мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектарга жеткен.  

УКМКнын билдирүүсүнө ылайык, ал кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Ошондой эле Абылгазиев мамлекеттик кызматта жүргөндө мыйзамсыз байыган деп айыпталууда. Аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алган.

“Мындан тышкары көп батирлүү элиталык үйлөрдү курууга инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул мүлктөр башкалардын атына катталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 26-январда Абылгазиев кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүүдө”, — деп билдиришти УКМКдан. 

[su_image_carousel source=»media: 54874,54875,54876,54877,54878,54879,54880,54881,54882,54883″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>