Крестинин: Казакстан менен ойногонго даяр болбой калдык

Крестинин: Казакстан менен ойногонго даяр болбой калдык

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн, 14-апрелде маалымат жыйын уюштурду.

Ал улуттук команда март айында эмне себептен достук жана расмий беттештерди өткөрбөгөнүнүн себебин айтты.

“Япония курамасы бизге 25-мартта ойнолу деп сунуштаган. Биз физикалык жактан муну жасай алган жокпуз. Эмне үчүн? Себеби биз элементардуу эле визаны жасап жетише алмак эмеспиз. Кыргызстандыктарга Японияга баруучу виза Бишкектен жасалат, оюнчуларыбыз борборго келгиче эле 24-25-март болуп кетмекда, биз ал жакка барганга жетишпей калмакпыз.

Ушундай эле жагдай Казакстан менен болгон оюнда жаралган. Алар 24-мартта оюн өткөрүүнү сунуштаган, ФИФАнын расмий календары 22-марттан башталат болчу, бул беттешке да даяр болбой калмакпыз”, — деди Крестинин.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>