КСДП кайрадан кризиске кептелдиби? Саясий серепчилердин пикирлери

КСДП кайрадан кризиске кептелдиби? Саясий серепчилердин пикирлери

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина жана жарандык активист Адил Турдукулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) чыкты.

Аталган партиянын саясий кеңешинин жыйыны 26-майда өтүп, анда камакта жаткан экс-депутат Мээрбек Мискенбаев да партиянын катарынан чыккан.

Өткөн аптада Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПда ич ара ажырым пайда болгону ачыкка чыгып, Атамбаевдин уулдары Сейитбек жана Кадыр Атамбаев «Кыргызстан социал-демократтары» партиясы менен саясий ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина аталган партия жаңы түзүлүп каттоодон өткөнүн, мындан ары ал партиянын бардык иш-чаралары Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодурановасыз өтө турганын билдирген. Карамушкина муну жогоруда аты аталгандар Атамбаевди колдобой калышканы менен түшүндүргөн.

Reporter.kg маалымат агенттиги КСДПдагы ич ара ажырымдын себеби жана Атамбаевдин уулдарынын өзүнчө партия түзгөнү тууралуу саясий серепчилердин пикирин чогултту.

Орозбек Молдалиев, саясий серепчи: КСДПнын бөлүнүүсүн Алмазбек Атамбаев өзү баштап койгон. Кийинчерээк Сагынбек Абдрахманов башында турган «КСДП Атамбаевсиз» деп өзүнчө партия болду. Бирок ошол кезде аталган партияны сактап калууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Азыр партияны сактап калуууга жол жок. Себеби парламенттеги КСДП фракциясы өзүнчө болуп калды. Абдрахманов меники деп жаткан партия эмне болгону белгисиз. Учурда Атамбаевдин эки уулу өзүнчө партия түзгөнү маалым болду.

Ал эми эски КСДПны сактап калалы деген умтулуу эч кимде болгон жок. Атамбаевдин балдары деле атабыз түптөгөн партияны сактап калалы деп ойлонуусу керек болчу. Асел Кодуранова деле Атамбаев менен чогу иштешкен адам катары, ал деле алыс кетпейт эле. Бирок Атамбаев өзү бул партияны сактап калгыла деп айтпагандан кийин бул мурда эле өз ара сүйлөшүлгөн болушу мүмкүн.

«Форумдун» имаратында отура берүү менен партияны сактап калуу мүмкүн эмес. Сейитбек Атамбаев менен Кадыр Атамбаевды саясий аренада эл Атамбаевдин балдары деп таанышат. Алар түзүп жаткан партияга кандай кишилер келери, кандай лозунгдар менен чыгары  — бул дагы чоң маселе. Шайлоого катышабыз дешүүдө, катышууга укугуна ээ, бирок алар атасынын партиясын бузуп, башка партия түзүп алган деген катачылыгы бар. Атамбаевдин балдары саясий аренада өздөрүнүн ордун табуу кыйын болот го… Алар шайлоого аттанууну каалашса, эски партияны сактап калуу, андагы мүчөлөргө таянуу менен лидерлик кылышса болмок. Анткени саясатта орун алуу үчүн узун жолду басуу зарыл. Эгерде жаңы партия түзө турган болушса, эмнеге Сагынбек Абдрахманов менен партияны талашышты. Анда ошондо эле берип салышы керек болчу. Ары-бери кетип жатышып аягы КСДПнын жок болуп кетишине алып келди.

Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат: КСДПнын бүгүнкү күндөгү ич ара ыдырап жатканынын себеби, алгач эски муундардын, кийин эски муун менен жаңы муундун ортосундагы лидерликти талашуунун жыйынтыгы болууда.

Буга чейин эски муундар Сагынбек Абдрахманов менен Алмазбек Атамбаев тарап болуп бөлүнүү болгону барыбызга маалым. Эми Атамбаевдин балдары социал демократтар деген атты жоготпой өзүнчө партия түзүп кеткенин угуп жатабыз. Бул кырдаалга жараша өзгөрүү деп түшүндүрөр элем.

Мен күздө боло турчу парламенттик шайлоого катышам. Учурда мага ар кайсы партиялардан чакыруу келип жатат, мен алардын программасын карап көрүп, бирөөсүнө кошулам.

Марс Сариев саясий серепчи: Саясатчылар өзүнүн саясат карьерасын, перспективасын карайт. КСДПда Алмазбек Атамбаевдин жана Сагынбек Абрдахмановдун тарабы бар. Абдрахмановдун тарабы бийликке жакыныраак. Атамбаевдин тарапташтары утулуп калганын сезишип, партиядан ич ара Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкинанын ортосунда пикир келишпестиктер болгону айтылып жатат. Атамбаедин тарапташтарынын ичинде ынтымак жок болууда. Буга чейин Атамбаевдин тарапташыбыз деп жүргөндөр пикирин өзгөртүп, аны менен жүрүүдө саясаттагы карьералары жок экенин түшүнүштү. Бир гана Ирина Карамушкина экс-президентке карата көз карашын өзгөрткөн жок.  Атамбаевдин тарапташтарынын ич ара урушуп кетишкени бул анын партиясынын келечеги жок дегенди түшүндүрөт. Ошону мурдагы президент түшүнүп, балдарына башка партия түзгүлө деп айтууда. Ал эми партиядан чыккан Адил Турдукулов, Рыскелди Момбековдор саясаттагы карьерасын улантуу үчүн башка келечеги бар партияларды карашат. Сейитбек жана Кадыр Атмабаевдер түзүп жаткан партиянын азырынча келечеги жок.

Феликс Кулов, саясатчы: КСДПнын чачырап жатканы партиянын ички маселеси. Ошол себептен мен аларга кийлигише албайм. Учурда алар үч партия болду, алар биригеби бирикпейби өздөрүнүн көйгөйү.

Эмил Жураев, саясат таанучу: КСДПдагы ич ара кризис бүгүнкү күндө болуп жаткан бөлүнүп жарылуудан эмес, бул партиядагы кризис эки жыл мурда башталган. Атамбаев бийликтен кеткенден кийинки КСДП Кыргызстандагы партиялардын ичиндеги туруктуулугун жоготту. Атамбаевдин балдары бөлүнүп, КСДПнын атын алып башка партия түзүп жатыптыр. Эки баласы тең партиянын саясий кеңешинде турган жок. Алардын саясий партиянын жетекчилигинде ролу жок болчу, ошого карабастан мындай иштерге барганы, партияны өз жетекчилигине алып жаткандары бул Атамбаевдин үй-бүлөлүк менчигине айланып жатканы ашыкча экенин айткыбыз келет. Бул Кыргызстандагы бардык партиялардын көйгөйү. Анткени кыйын заман келгенде же тескерисинче шайлоо учурунда биз дайыма жеке кишилердин  куралы катары калуудабыз.

Ал эми партиянын катарынан чыккандар КСДПда мындан ары калуунун келечеги жок экенин айгинелеп коюшту. Атамбаевдин эки баласынын түзүп жаткан партиясынын азыркы учурда коомго аралашып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Бирок буга чейин ойго келбеген иш аракеттерге барып, күтүлбөгөн жерде популярдуулукка ээ болуп, элдин колдоосуна алынып кетсе гана шайлоодон утуп чыгууга мүмкүн. Менин жеке пикиримде, азырынча алардан эч кандай мүмкүнчүлүктү көрбөй турам.

сүрөт: sputnik / Табылды Кадырбеков

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>