КТРКдагы дебат, Жанар Акаев элге эмне деди?

КТРКдагы дебат, Жанар Акаев элге эмне деди?

“Эки жолу депутат болдуң деп тажрыйбалуу адамдарды парламенттен четтетип коюу туура эмес”. Бул тууралуу “Альянс” партиясынын тең  төрагасы Жанар Акаев КТРКда өткөн теледебат учурунда «эки жолу эл өкүлү болгондор Жогорку Кеңешке кайра шайланып келбеши керек» деген оппонентинин пикирине каршылык билдирди.

“Талапкерлерди эл шайлабай койсо эле келбей калат. Бул үчүн биз мыйзамды өзгөрттүк. Преференциалдык добуш берүү ыкмасын киргиздик. Мурун партияны гана шайласаңар, азыр анын ичинен жаккан талапкерди тандап аласыңар”, – деди Акаев.

Ал прогрессивдүү күчтөр – калың элдин колдоосу бар ири партиялардын лидерлери, саясатчылар, жигердүү жаштар жеке амбицияларды таштап,  “Альянс” партиясын түптөп, саясий жарышка чыкканын баса белгиледи.

“Биздин курам тажрыйба менен жаштык жигерди айкалыштырган, накта эл өкүлү деген макамга татыктуу инсандардан куралды. Максатыбыз – элге таяныч болуп, ак дилден кызмат кылуу”, – деди Жанар Акаев.

Тең төрага аймактарды өнүктүрүү үчүн конкреттүү кадамдарга баруу зарылдыгын белгиледи. Айтымында, шаар мэрлери жана айыл өкмөттөр эл тарабынан шайланышы керек.

“Губернаторлук кызмат кайчы көтөрүп алып тасма кескенге гана жарап калды. Учурда эл көпүрө куруу, жол оңдоо иштери боюнча президентке кайрылып отурат. Аны жергиликтүү бийлик жасашы керек да. Андыктан келечекте мэрлерди, айыл өкмөттөрдү эл өзү шайлаш керек”, – деди ал.

Талапкер “Альянс” партиясынын программасында экономика тармагын өнүктүрүүгө багытталган так жана реалдуу пландар бар экенин, ага ылайык, тынымсыз текшерүүлөргө тыюу салуу, салыктан бошотуу сыяктуу жеңилдиктер каралганын кошумчалады.

“Биз, “Альянс” партиясы, куру сөз, куру убададан алыспыз. Партиянын курамындагы саясатта салмактуу орду бар, элдин керегине жараган бир нече мыйзам долбоорлорунун авторлору Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жеенчороев, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашова, экономика тармагын өнүктүрүү боюнча мыкты тажрыйбага ээ Эльдар Абакиров, мыкты дипломат Чынгыз Айдарбеков сыяктуу инсандардын Кыргызстанды өнүктүрүүгө кудурети жана күчү жетет”, – деди Акаев.

АЛЬЯНС — 3 — БИР КҮЧ!
Жанар Акаев — 2

 

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 23-ноябрь, 2021-жыл.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>