Кубанычбек Нурматов: Орусиядагы биздин жарандарга шайлоо мүмкүнчүлүгүн толук түзүп берүү керек

Кубанычбек Нурматов: Орусиядагы биздин жарандарга шайлоо мүмкүнчүлүгүн толук түзүп берүү керек

Новосибирскте кыргызстандыктар катышкан жапырт мушташтан кийин Кыргызстандын жарандары депорт болгон жок. Анткени биздин жарандар жабырлануучу болуп эсептелет. Новосибирскте Кыргызстандын ИИМнин өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Нурматов билдирди.

Ал Орусиядагы кыргызстандын жарандарынын укугун эфективдүү коргоо үчүн ал жакта юристтердин санын көбөйтүү менен ИИМ өкүлдөрүн жиберүү керектигин айтты. Ошондой эле Нурматов Орусиядагы кыргыз жарандарына шайлоо мүмкүнчүлүгүн толук түзүп берүү зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Новосибирск шаарындагы уруш 7-октябрь күнү болгон. Кеминде мушташка 200гө жакын адам катышкан. Арасында Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстандын  жарандары бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>