Кубатбек Боронов: 1-класстар мектепке барып окуйт

Кубатбек Боронов: 1-класстар мектепке барып окуйт

Быйыл 1-сентябрдан тартып 1-класска кирген 156 миң окуучу менчиктин түрүнө карабастан мектепке барып окуйт. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда калган класстардын баары онлайн режимде билим алат.

“1-класстын 156 миң окуучусуна 100% мектептердин эшиктери ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы жашында калыптанганы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын”, — деди өкмөт башчы.

Муну менен катар премьер-министр учурда аймактардагы эпидемиологиялык абал толук турукташа электигин, андыктан эпидемиялык абалдын курчуп кетишине жол ача турган учурлардын бардыгына бөгөт коюу зарылчылыгын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>