Кудай сакта! Алматыда эки унаа жөө адамдарды атайлап койдурган (видео)

Кудай сакта! Алматыда эки унаа жөө адамдарды атайлап койдурган (видео)

Казакстандын Алматы шаарындагы көчөлөрдүн биринде эки унаа жөө адамдарды атайлап койдурган видео тарады.

“Хабар-24” агенттиги  окуя 26-август күнү таңга маал Гагарин менен Дружба көчөлөрүнүн кеилишинде болгондугун жазды.

Андагы маалыматка карганда, бир нече жаштар кафден чыккан соң жаңжалдашып, мушташа кетишкен. Андан соң Тoyota Camry жана Toyota Avensis автонуааларынын ээлери жөө адамдарды атайлап, бир нече жолу койдуруп өткөн.

Окуяны ошол аймакта жашаган тургундар жана күбөлөр видеого тартып алып, интернетке жайгаштырышкан.

Милиция кызматкерлери ошол эле күнү окуяга шектүү катары 24 жаштагы Тoyota Camry унаасынын айдоочусу кармаган . Ал эми экинчи унаанын ээси изделүүдө. Милиция шектүулөрдүн жана окуяга каташытыгы барлардын аты-жөндөрү такталганын билдирген. Ооруканага 3 адам оор абалда жеткирилгенин медицина кызматкерлери ырастаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>