Кумар оюндарына уруксат берген мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Кумар оюндарына уруксат берген мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көл облусунда казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

Жалпысынан 91 эл өкүлү добуш берди. Алардын 68и «макул», 23ү «каршы» деп добуш берди.

Буга чейин бир катар депутаттар добуш берүү учурунда кокустан мыйзам долбоорун колдоп «макул» деген баскычты басып алышканын айтышкан.

Аталган мыйзам долбоорун Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 6-апрелде карап, жактырган.

Мыйзам долбоору депутаттар Дастан Жумабеков жана Бактыбек Турусбеков тарабынан демилгеленген.

«Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргызстандын жарандары киргизилбейт. Бул мыйзам долбоору өлкөнүн башка аймактарында иштебейт.

Демилгечи депутататтар мыйзам долбоору ишке кирсе жумуш орундары түзүлүп, бюджетке каражат түшөт деп эсептешет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2021-жылы кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө жана 2015-жылы тотализатор менен букмекерлерге тыюу салынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>