Курсан Асанов митингде жабыркаган милиция кызматкерлеринен кабар алды – сүрөт

Курсан Асанов митингде жабыркаган милиция кызматкерлеринен кабар алды – сүрөт

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Курсан Асанов 6-октябрга караган түнкү митинг учурунда жарадар болуп ИИМдин ооруканасында жаткан милиция кызматкерлеринин абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ИИМдин бейтапканасында митинг учурунда жаракат алган 52 кызматкер дарыланууда.

Курсан Асанов кызматкелер милдеттерин аткаруу үчүн тез арада сакайып кетишин каалаган.

Андан соң Курсан Асанов Бишкек шаарындагы №4 ооруканада болуп, ал жерде дарыланып жаткан милиция кызматкерлеринен кабар алган.

Учурда башка ооруканаларда 38 кызматкер андан сырткары  амбулатордук режимде да бир катар кызматкерлер дарыланууда.
[su_image_carousel source=»media: 43347,43348,43349,43350,43351″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>