Курсан Асановдун жактоочусу Айткулов алдамчылыкка шектелип камакка алынды

Курсан Асановдун жактоочусу Айткулов алдамчылыкка шектелип камакка алынды

22-августта Бишкекте Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы сентябрда Н.Д. аттуу жаран Айткулов андан 5,5 миң долларды алдап алганын жана ага карата чара көрүп берүүнү өтүнүп кайрылган.

Материалдар териштирилип, Башкы прокуратурага берилген. Жактоочуга Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча (“Алдамчылык”) шек саналып жатканы тууралуу маалымдама берилди. Ал Бишкек милициясынын Убактылуу тергөө абагына камалды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>