Кыргыз балбандары грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда 3 күмүш, 5 коло байге жеңди

Кыргыз балбандары грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда 3 күмүш, 5 коло байге жеңди

Грек-Рим күрөшү боюнча 13-14-апрелде Алматыда өткөн Азия чемпиондгунда кыргызстандык балбандар 3 күмүш, 5 коло байге утту.

Мелдештин алгачкы күнү олимпиадалык салмакта кармаштар өтүп, 87 килограмм салмакта Атабек Азисбеков күмүш байге жеңди. Ал эми Нурмухаммад Абдуллаев (55кг), Кайрат Түгөлбаев (77кг) жана  Мурат Рамонов (130кг) коло байге жеңди.

Турнирдин экинчи күнүндө Руслан Царев (72кг) менен Калидин Асыкеев (82кг) күмүш медаль утса, Амантур Исмаилов (67кг) жана Бексултан Махмудов (97кг) коло мөөрөй тагынды.

Бүгүн, 15-апрелде күрөштүн эркин түрү боюнча Азия чемпиондугу старт алат.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>