Кыргыз-казак өкмөт башчылары тар чөйрөдө жолугушту

Кыргыз-казак өкмөт башчылары тар чөйрөдө жолугушту

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйыны алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен тар чөйрөдө жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу өз-ара аракеттешүү жана кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргызстандын президентинин  Казакстанга жакын арада жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча  маселелер талкууланган.

Маалыма болгондой, жолугушуу Казакстандын Кордай айылында өткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>