Кыргыз-казак чек арасы: Өткөрмө пунктардын иштөө графиги өзгөрдү

Кыргыз-казак чек арасы: Өткөрмө пунктардын иштөө графиги өзгөрдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн маалымдайт.

2022-жылдын 10-январы саат 11.30 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайлары төмөндөгүдөй тартипте иш алып барышууда:

  1. “Ак-Тилек-авто жол” (КР) – “Карасу-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

— Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

— Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар“Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

— Кыргызстандынаймагында жүргөнКазакстандын жарандары “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;

— оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.

  1. “Чалдыбар-авто жол” (КР) – “Сыпатай Баатыр-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

— Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

— Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

— Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;

— оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.

  1. “Ак-Жол-авто жол” (КР) – “Кордай-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

— Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

— Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Ак-Жол-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

— Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Жол -авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.

  1. Талас облусундагы “Чоң-Капка-авто жол” (КР) – “Айша Биби-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

— Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

— Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

— Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;

— Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кирип чыга алышат.

  1. “Каркыра-авто жол” (КР) – “Кеген-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

— Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

— Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана  “Каркыра -авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.

2022-жылдын 10-январы саат 11.30 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

КР УКМКнын баардык өткөрүү жайлардаCOVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алууну эскертип кетет.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>