Кыргыз-казак чек арасында унаа тыгыны байкалды

Кыргыз-казак чек арасында унаа тыгыны байкалды

2022-жылдын 11-январы саат 22.00 карата «Ак-Тилек-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайына кире беришинде  Кыргызстандан Казакстанды көздөй авто транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган. Бул туурасында Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 130 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары кезек күтүп турушат, анын ичинен: 10 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары айыл чарба азыктары менен, 20 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары контейнерлер менен, 100 бош (жүгү жок) оор жүк ташуучу транспорт каражаттары.

Аталган өткөрүү жайында оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын тыгыны дайыма ушундай болбостон майрамдан кийинки жүк ташуулардын көбөйгөнүнөн жана Казакстандын аймагында текшерүү комплексинен өтүүсүнө байланыштуу орун алууда.

Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттары чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө эч кандай чектөөлөр жок экендигин эскертет.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>