Кыргыз милициясына 95 жыл. ИИМдин кызматкерлери гарнизондук саптык кароодон өтүштү

Кыргыз милициясына 95 жыл. ИИМдин кызматкерлери гарнизондук саптык кароодон өтүштү

Бүгүн, 26-октябрда Бишкектин эски аянтында милиция кызматкерлери Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата гарнизондук саптык кароодон өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Гарнизондук саптык кароого Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана анын орун басарлары катышкан.

Мындан сырткары  ИИМдин кызматтарынын жана түзүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери катышкан.

Өздүк курам алдында министр Кашкар Жунушалиев сөз сүйлөп, милиция кызматкерлеринин коомдогу милдеттерине токтолуп өткөн.

Салттуу тескемеден кийин, ички иштер органдарынын кызматкерлери Эски аянтта салтанаттуу марш менен саптык жүрүштөн өтүштү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>