Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы изделүүдө. Ал көлдү сүзүп өтмөкчү болгон

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы изделүүдө. Ал көлдү сүзүп өтмөкчү болгон

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев изделүүдө. Бул тууралуу журналист Тынчтык Алтымышев Фейсбукка жазды.

Маалыматка караганда, ал көлдүн түштүгүндөгү Кара-Талаа айылынан түндүк жээктеги Тору-Айгыр айылына чейинки 25 чакырым алыстыкты сүзүп өтмөкчү болгон. Бирок саат алтылар чамасында катуу толкун болуп, Асрандиевди жандап бараткан кайыкчылар таппай калган.

ӨКМдин басма сөз кызматы да Э.А. атуу адамдын көлдү сүзүп өтүп жоголуп кеткенин тастыктап, куткаруу иштерине 10 куткаруучу жөнөп кеткенин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>