Кыргыз-тажик чек арасына чектөөлөр кирди. Кимдер өтө алат?

Кыргыз-тажик чек арасына чектөөлөр кирди. Кимдер өтө алат?

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасында убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин 21-майдагы чечимине ылайык, Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө/чыгуусуна, жүрүүсүнө жана транзит менен өтүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Андан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Кулунду», «Кайрагач», «Кызыл-Бел», «Бордобо» жана «Карамык» бекеттери аркылуу жүк ташууга да чектөөлөр киргизилген.

Убактылуу чектөөлөрдүн айрым жагдайларга тиешеси жок жана андан айрым гана адамдар өтө алат.

Алар: Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;

Чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын расмий адамдары (тиешелүү органдар менен алдын ала макулдашылгандан кийин гана).

УКМКнын Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, Тажикстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары же болбосо, Кыргызстандын аймагында жүргөн Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара бекети аркылуу өтүп кете алышат.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушуусунда Тажикстан менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилгенин айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>