Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу башталды — видео

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу башталды — видео

Кыргыз-тажик чек арасындагы Кызыл-Бел айылында кайрадан атышуу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ок атышуу саат 16:14тө башталган.

“Учурда Тажикстан тараптан гаубица коюлуп жатат. Абал чыңалган бойдон калууда”, — деген жергиликтүү тургундар.

Кыргызстандын чек ара кызматы учурдагы абал тууралуу маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, 28-апрелде «Головной» суу сактагычында чыр чыккан. 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Соңку маалыматтар боюнча, чек ара аймактарында айрым учурларда ок атуулар болуп жатат. Бардык күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууда.

Ок атышуунун натыйжасында 134 адам жабыркап, 13ү каза болду. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулду, 86 жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылган.

Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми Баткен районунан 7093 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Эвакуацияланган жарандарга жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилип жатканы айтылат.

Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөн, ошондой эле Лейлек районун Кулунду айыл аймагынын Сада, Максат, айылдарында, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында күйгөн үйлөр жана май куйуучу бекеттер бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>