Кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алайдагы бөлүгүндө абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алайдагы бөлүгүндө абал туруктуу

Бүгүн, 19-май саат 12:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 19-майда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак жергесинде КРнын Ош багыты боюнча чек ара өкүлдөрү менен Тажикстандын Ляхшск багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тозоттору мамлекеттик чек аранын Унжу-булак жергесиндеги чек ара линиясында эл аралык юридикалык каттоодон өтмөйүнчө кайтаруу жүргүзбөйт деген чечим кабыл алынган. Биргелешкен күзөт тараптардын макулдашуусу боюнча гана ишке ашырылат.

“УКМКнын Чек ара кызматынын Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан чек ара бөлүмү штаттык режимде кызмат өтөөдө”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев, Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде Тажикстан окопторду даярдап жатканын айткан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>