“Кыргыз темир жолу” ишканасы 20 чакырым темир рельс сатып алды

“Кыргыз темир жолу” ишканасы 20 чакырым темир рельс сатып алды

Кыргыз темир жолундагы транспорттук процесстердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн “Кыргыз темир жолу”  мамлекеттик ишканасынын каражаттарынын эсебинен 20 чакырым рельс сатып алынды. Бул туурасында аталган мекемеден билдирди.

Маалыматка караганда,  Р-65 рельстеринин биринчи партиясы келген. Рельстер  2021-жылы чыгарылган. Атайын талаптарга жооп берет. Ушул жумада көйгөйлүү участкаларга рельстер  төшөлө баштайт.

20 чакырым рельс төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

— темир жолдун 3933-чакырымынан 3946-чакырымына чейин («Балыкчы» станциясынан  148-чакырым чейин) 14 чакырым темир рельс менен төшөлөт;

— 3729 чм темир жолдон 3733 чмга чейин — 5 чм рельс (Кара-Балта станциясынан 141-разъездге чейин);

— темир жолдун 3676 чм (“Мерке-Чалдовар”) 1 чакырым рельс төшөлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>