«Кыргыз Туусуна» жаңы башкы редактор дайындалды

«Кыргыз Туусуна» жаңы башкы редактор дайындалды

«Кыргыз Туусу» гезитине жаңы башкы редактор дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тыналиев Мырзакат Бешкемпирович «Кыргыз Туусу» Басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп дайындалган.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.

Буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Эрнис Балбаков феврал айында кызматынан бошотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>