“Кыргызалтын” калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөттү

“Кыргызалтын” калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөттү

Акыркы үч айда “Кыргызалтын” ААК Кыргызстандын калкынын социалдык жактан аялуу катмарына демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдарын көрсөттү. Бул тууралуу ААК маалымдайт.

Бул чаралар «Кыргызалтын» башкармалыгынын чечими менен кабыл алынган.

Ошентип, «Дербиш» коомдук кайрымдуулук фондуна, атайын балдар жашаган Беловодск психоневрологиялык балдар үйүнө, Бейкут Үйу үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө, Майып аялдар коомдук бирикмесине жана Кыргызстандагы туруктуу көңүл бурууга жана камкордукка муктаж болгон башка атайын мекемелерге демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, «Кыргызалтын» ААК спорттун өнүгүшүнө жана сергек жашоо образын жайылтууга көңүл бурат. Ушуга байланыштуу коллегия Тогуз-Торо аймактык мамлекеттик администрациясынын жана Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын спорттук иш-чараларына демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Ошондой эле, «Кыргызалтын» ААК филиалы — «Кыргызское Взморье» санаторийи тарабынан Бостери айылындагы А.Мамытов атындагы гимназия мектебинде коррекциялык класстарда окуган 26 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>