Кыргыздын классикалык чыгармалары кытай тилине которулат

Кыргыздын классикалык чыгармалары кытай тилине которулат

27-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Девень жолугушту.

Министр элчи айымды тосуп алып, китепкананын директору Нуржан Иманкулова менен биргеликте китепканага экскурсия жасалды. Өзгөчө көңүл көпчүлүк жаштарды кызыктарыган кыргыз-кытай окуу борборуна бурулган.

Маданият жана дипломатия коңшу өлкөлөр ортосундагы достуктун дирижеру болуп саналары анык экени айтылган.

Өз кезегинде элчи айым улуттар аралык мамиледе маданияттын ролу өзгөчө экендигин тастыктаган.

Жолугушуунун жүрүшүндө, учурда министрликтин карамагында кирген жаштар иштери боюнча багытынын негизинде эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда жагымдуу атмосфераны түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сөз болгон.

Өз кезегинде Министр учурдагы оор кырдаалда жарандардын руханий адеп-ахлактуулугун сактоо үчүн маданият менен искусствону эркин өнүктүрүү керек экендигин баса белгилеген. Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытайдын Мамлекеттик басма сөз кызматынын ортосунда кол коюла турган протоколго ылайык, өз ара классикалык улуттук адабий чыгармаларды кыргыз жана кытай тилине которууда, эки өлкөнүн жазуучуларынын кызматташуусу тууралуу пикир алмашуу болгон.

Мындан тышкары, тараптар алдыдагы маанилүү даталарга токтолуп, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы, Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдыгы, ошондой эле, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы да талкууланган.

Жыйынтыгында, көрсөтүлгөн даталарга карата конкреттүү иш-чараларды өткөрүү маселесин биргеликте иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы маданий мамилелерди өркүндөтүү кызыкчылыгы үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришкен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>