Кыргызстан дагы 5 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзөт

Кыргызстан дагы 5 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзөт

Ушу тапта Кыргызстан дагы 5 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзүүнү көздөп турат. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында маалым болду.

Тармактык комитеттин депутаттары Кыргызстан менен Кирибати, Кабо-Верде, Науру, Мозамбик, Сент-Винсент, Гренадиндер өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникелердин долбоолорун жактырды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан буга чейин дүйнөнүн 107 өлкөсү менен ушундай эле кызматташтык мамилелерди түзгөн. Эми ага дагы 5 мамлекет кошулганы турат. Бул өлкөлөр көптөгөн эл аралык уюмдарга мүчө, ошондуктан алар кайсы бир маселелерди чечүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтө алат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>