Кыргызстан физика боюнча 3 коло байгеге ээ болду

Кыргызстан физика боюнча 3 коло байгеге ээ болду

Кыргызстандын окуучулары ушул жылдын 8-ноябрынан 13-ноябрына чейин Өзбекстандын Фергана шаарында онлайн жана офлайн форматтарда болуп өткөн Ахмад аль-Фергани атындагы I физика боюнча эл аралык олимпиадада (IAFPhO 2021) 3 коло медалды багындырышты.Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 11-класстын окуучулары Денис Сапарбек уулу (Кадамжай), Нияз Жусупбеков (Жалал-Абад) жана Бекали Гартман (Чүй) коло медалдарды жеңип алышты.

Олимпиадага Кыргызстандын курама командасындагы 8 окуучуну мугалимдерден Садирбек Муратов, Доктурбек Кудашов жана Сүйүн Умаровалар коштоп барышкан.

Мелдешке 19 өлкө катышты. Кыргызстан офлайн форматта катышты. Олимпиада бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен өткөрүлдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>