Кыргызстан менен Орусия аба каттамдардын санын көбөйтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Орусия аба каттамдардын санын көбөйтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Орусиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-отурумунда эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу отурумдан кийинки маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал 21-сентябрдан тарта Орусия менен аба каттам жанданганын белгилеп өттү.

«Бүгүн аба каттамдардын санын акырындап көбөйтүү маселесин сүйлөштүк», — деди ал.

Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук эпидемиолгиялык кырдаал турукташканына жараша аба каттамдардын санын көбөйтүүгө болорун билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>